Бишкекте изделип жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева табылды
Бишкекте 7-апрелден бери дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин, 8-апрелде Ленини РИИБине кызын табууга көмөк көрсөтүүнү суранып, анын апасы арыз менен кайрылган. Анда кызы Айбийке 7-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эместигин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө, кыз кечээ, 12-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында калаанын аймагынан аман-эсен табылган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кыз жана анын ата-энеси менен сүйлөшүү болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Учурда бардык жагдайлар иликтенип жатканын кошумчалашты.
