Баткендеги авариялык абалдагы социалдык имараттар оңдолмой болду
Буга чейин ММКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын облус жетекчилиги көзөмөлүнө алган.
Аталган имаратты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз өкмөтүнүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунушун даярдоодо.
Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда айтылгандай, бардык район-шаарлардын аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка бардык социалдык объекттердин абалын тактоо, өкмөткө сунуштоо жана кошумча каржы булактарын табуу иш-чаралары жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен облуста 12 социалдык объекттин капиталдык курулушу, 4 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатканы маалымдалды.
