Аксыдагы уулануу: Бурулкан Эргешованын өзүнө жана туугандарына тиешелүү көчөлөргө ыйгарылган ысымдар алып салынды
Аксыдагы спиртке ууланган деген чуулуу окуяда эң көп аты аталган дарыкана ээси Бурулкан Эргешованын өзүнүн жана туугандарынын көчөлөргө жана ооруканага ыйгарылган ысымдары алып салынды.
Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңеши ыйгарылган ысымдарды алып салуу боюнча токтом кабыл алган. SUPER.KG порталы бул маалыматты жергиликтүү тургун Дурусбек Курманбековго байланышып, тактады.
Жашоочунун маалыматына ылайык, толкуган элдин нааразычылыгы 2 көчөгө жана бир имаратка ыйгарылган ысымдарды алып салуу менен аяктаган.
"Элдин койгон талабы аткарылды. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү ооруканага Манас Эргешовдун, Кез-Арт айылындагы көчөгө Эргеш Матаевдин, Жаңы-Айыл деп аталган көчөгө Бурулкан Эргешованын ысымы берилген. Азыркы тапта берилген ысымдар алып салынганы бизге маалымдалды", - деди жашоочу.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болгону маалымдалган.
