super.kg logo

Акчанын жетишсиздигинен баласын таштайын деген. Бишкекте балдар аянтчасынан табылган баланын апасы табылды

 

Буга чейин Бишкекте балдар аянтчасынан табылган баланын апасы табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1999-жылы туулган М.С. аттуу келин байланышка чыгып, баланын апасы экендигин билдирген. Аталган жаран милиция бөлүмүнө чакырылып, ал баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн.

"Сүйлөшүү учурунда ал Чүй облусунун аймагында жашаарын, 12-апрель күнү 3-кичи районунда жайгашкан туугандарыныкына келишкенин айтып берген. Андан соң алар тууганыныкынан чыгып кетип бара жатканда кызы өзүн жаман сезип баштаганын айткан. Буга байланыштуу баласын ушул жерде туруп тур деп калтырып кеткен. Алар аталган аймакты жакшы билбегенине байланыштуу багытын жоготуп жибергенин айткан. Учурда ал келин Октябрь районунун акимчилигинде, ага тийиштүү кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин алар балдар үйүнө жиберилет", - деп билдиришти райондук милициядан.

Мындан сырткары териштирүү иштеринде такталгандай, 12-апрелде болжол менен саат 15:00дөр чамасында келин социалдык кызматкерлерге барып, акча каражатынын жетишсиздигинен улам баласын таштоону билдирген. Ага жооп катары социалдык кызматкерлер Октябрь РИИБине кайрылууну билдиришкен.

"Белгилей кетүүчү жагдай, баланы алып кетүү үчүн апасы мыйзамдарда белгиленген бир катар документтерди бериши керек", - деп билдиришти Октябрь райондук милициясынан.






Бишкектеги ата-энеси табылбай жаткан баланын апасымын деген келин документин көрсөтө алган жок

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
13.04.2021. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудааааай журокту оорутасынар го жаным десе Ушул баланын келечеги Кен болсунчу
13.04.2021. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атасын жоопко тартыш керек,жардам бербесе
14.04.2021. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде алемент дегенди жок дегенде бир балага жирма мин кылып койсо эгер төлөбөсөн камаласын ошол жакта иштеп балдарына акча төлөйсүн дегендей мыйзам чыгарып койгондо ушундай аялдар балдар кор болбойт элэ и жаштарда ойлонуп үйлөнүп ойлонуп ажырашмак деп ойлойм.
14.04.2021. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kadyrova_, 20 миң сом, болбогон жомок. 5 миңден да төлөгөнгө көпчүлүгүнүн чамасы жетпейт.
14.04.2021. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир ааз болсода баланардын келечегине Кам коруп анан торогулочу баланы кор кылбай,эч болбосо баланын кунумдук тамак ашына акча Таба турган болуп
14.04.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр Жд вогзалдын жанында бир буту жок, жолбун кандек ИТ. Алты кучук тууп, баарын олтурбой чонойту.
Мен бугун ошол итке ыраазы болдум.
Рахмат сага... ИТ экенине карабай, жашоондун кыйынчылыгына карабай, энелик милдетин аткарды!
14.04.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooki8888,+басам деп-басып алдым.++++
Кээ бир ата энелер ошол итчелик да бала албай атышат
14.04.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин баланын келечеги кен,омурлуу болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: