super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери улантылууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Каркыра жана Кадыр Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз билемдик менен орнотулган темир тосмо алынды.

Ишкер шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, Леванев жана Асаналиев көчөсүнүн кесилишиндеги күркө, ошондой эле Учкун кичи районунда мыйзамсыз орнотулган 20 тонналык контейнер ээлери тарабынан алынды.

Ак-Тилек конушундагы Ак-Тилек көчөсүн реконструкциялоонун алкагында кызыл линиядан чыгып кеткен үч дубал жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү темир тосмо алып салынды. Ошондой эле Армейский көчөсүн оңдоо үчүн жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү дубал жана дарбаза алынды.

Туңгуч кичи районунда жайгашкан унаа жуучу жайы жана Куйручук көчөсүндөгү күркө демонтаждалды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: