Өкмөт башчы жеңил өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту




Премьер-министр Улукбек Марипов жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы улуттук дүң продукцияны өндүрүүдө, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин чечүүдө жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууда жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Сиздердин эмгегиңиздерге жараша "Кыргыз өлкөсүндө жасалган" ата мекендик таанымал бренди түзүлгөн, аны мындан ары карай алга жылдыруу зарыл. Бүгүнкү күндө текстилдик-тигүү тармагы экспорттук көрсөткүчү жогору ата мекендик экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу тармак сырьёну ташуудагы чектөөлөр жана даяр продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөшү сыяктуу бир катар олуттуу көйгөйлөргө дуушар болду. Ошондуктан биз келип чыккан кыйынчылыктарды биргеликте чечүүбүз маанилүү.
Биз кичи жана орто бизнес таза кирешесин кыскартып, көмүскөгө кетүүгө мажбур экендигин көрүп турабыз. Ошондуктан жумушчу орундары сакталып, жарандардын эмгектенүүгө мүмкүнчүлүгү болушу үчүн тармактын ишканаларын колдоого алуу керек. Мындан мурда президент тарабынан бизнести коргоого жана колдоого алууга багытталган Жарлыктарга кол коюлган. Бул багыттагы иштер улантылат. Биз ата мекендик текстилдик индустрия өнүгүп, чет элдик рынокторду багындыруусуна кызыкдарбыз", - деп белгиледи Улукбек Марипов.
Жолугушууда жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү тармактагы учурдагы абал, мамлекеттин колдоосу талап кылынган иштеги көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.
Премьер-министр жеңил өнөр жай тармагындагы ишкана жетекчилерин жакын арада визави менен Казакстан аймагы аркылуу текстилдик продукцияны транспортировкалоо, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнө продукцияны темир жол боюнча импорттоо маселеси иштелип чыга тургандыгына ишендирип кетти.
