super.kg logo

Өлкө аймактарында китепканачылар үчүн окутуу тренингдери башталды

 

Өлкөдө китепканачылар үчүн окутуу тренингдери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 13-апрелден тартып Ош шаарында 50 китепкананын китепканачылары үчүн үч күндүк тренингдер өткөрүлүүдө. Ушундай эле тренингдер ушул жылдын 20-22-апрелинде Бишкек шаарында да өткөрүлөт.

Окутуу үчүн окуучуларга багытталган окутуу, инклюзивдик билим берүү принциптерин жана гендердик аспекттерди эске алуу менен эрте жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнү жана социалдаштырууну камтыган үч күндүк окутуу тренинг-модулу даярдалды.

"Тренингдердин максаты – китепканачыларга балдарды өнүктүрүү борборлорунда мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөдө методикалык жардам көрсөтүү.

Бул күндөрү китепкана кызматкерлери эрте жана мектепке чейинки курактагы балдардын жаш курактарынын өзгөчөлүктөрү, балдарды эрте өнүктүрүүнүн жана окутуунун маанилүүлүгү, балдардын мектепке сапаттуу даярдануусуна жетишүү үчүн ата-энелердин потенциалын көтөрүүдөгү жана жамааттарды мобилизациялоодогу китепканачылардын ролу тууралуу билип, наристелер менен иштөө методикасы. Ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө ыкмалары жөнүндө маалымат ала алышат жана фасилитатордун ролун аткарышат", - деп жазылат маалыматта.

Тренингдер Билим берүү жана илим министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда.

2018-жылдан баштап республика боюнча 50 китепканада алгачкы өнүгүү борборлору иштеп келе жатат. 1700гө жакын бала, анын ичинде өзгөчө муктаждыгы бар балдар китепканаларга барып турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: