Бишкекте бир аптанын ичинде жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү 309 унаа аныкталды
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү 309 унаа аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып 8-апрелге чейин бир апта аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 309 унаа аныкталган. Алардын ичинен 64ү Орусияныкы, 9у Арменияныкы, 11и Азербайжандыкы, 210у транзиттик номерлер. Анын ичинен 7 чет өлкөлүк унаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короого киргизилген.
Милициянын кайгуул кызматы атайын "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат деп билдиришти аталган кызматтан.


1 |