Бишкекте ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын баштыкча таратылды




Кечээ, 13-апрелде Орозо айынын алгачкы күнүндө Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчаларды таратты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Биз менен ооз ачыңыз" акциясы Иса Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулган. Саамалыкка Муфтияттын маалымат бөлүм башчысы Максат Атабаев жана ажы-умра бөлүм башчысы Жолдошбек Абдылдаев катышкан. Орозо айынын алгачкы күнүндө жалпы 150 баштык таратылып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланган.
"Биз жолуктурган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбү орозо кармашыптыр. Чындыгында абдан ыраазы болушуп, ооз ачаарга жетишпей бара жатканда күтүлбөгөн белек болду деп сүйүнүп жатышты. Ыйык айдагы "Биз менен ооз ачыңыз" акциясы күн сайын борбор калаанын ири көчөлөрүндө уюштурулуп турат", - деди Атабаев.


1 |