super.kg logo

"Бүт жерде интрига, бузукулук, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай". Сыймык Жапыкеев элди сабырдуулукка чакырды

 

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев өзүнүн Фейсбук баракчасына алдыдагы пландары тууралуу билдирүү жазды.

"Урматтуу достор, баарыңарды Орозо айы менен куттуктайм, ыйман жүрөгүбүзгө кирсин. Биз негизи эле Кудай колдогон элбиз. Кыргыз элинен суранып кетет элем. Ушул айда колдон келишинче бири-бирибизге өзгөчө жардам берели. Кылмыш жасабайлы, бири-бирибизди сабап, зомбулук көрсөтпөйлү.

Достор, интернетти ачканда эле тигини муунтуп салды, өлтүрүп салды, башка эч нерсе жок. Кыргыз элим, каякка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, үй-бүлө кура албай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай. Достор, мунун баарын токтотуш керек.

Биринчиден мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алышты. Буюрса, облустун маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип эл менен түздөн-түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз. Эл үчүн иштегенге даярбыз", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: