super.kg logo

Тоң районундагы ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

 

Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган ата-энеси жок балдар Э. Т уулу менен Б.М турак жай куруу үчүн ар бири 15 сотыхтан жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энеси жок жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз кылынууга тийиш.

"Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо максатында Тоң райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акты киргизилген.

Аны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 23-мартында Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечимдери менен жогорудагы өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилген жана аларга карата ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: