super.kg logo

"Үйдөн кача баштаган". Чүйдө 15 жашар бала февраль айынан бери дайынсыз болуп изделүүдө

 

Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү Панфилов РИИБине 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылган. Анда ал 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

"Арыз ээси менен сүйлөшүү учурунда өспүрүм бала Ысык-Көл облусунда туулуп өскөнү белгилүү болгон. Апасынын айтымында, ал 5-класстан баштап мектепке барбай, үйдөн кача баштаган. Кийинчерээк жумалап же айлап жоголуп кеткенин билдирген. Ушул себептүү апасы арызды убагында жазган эмес", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, арык чырай, башынын сол жагында тырык бар.

Кийген кийими: Кара түстөгү күрмө, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара түстөгү бут кийим.

Милиция сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: