Орусиянын "Битва за будущее" берүүсүнө тартылган мекендеш: "Көрсөтүүдөгү соттук иштер жашоодон алынат, ал эми аны ойногондор актёрлор"









Мекендешибиз Санжар Медетов Орусиянын Мир телеканалында соттук иштерди чагылдырган "Битва за будущее" программасына тартылып жатат. Бул берүүнү бала кезимден кызыгып көрчүмүн, бирок ага тартылып калам деген оюмда жок эле деген мекендешибиз кубанычтуу жаңылыгын SUPER.KG порталынын окурмандарына кабарлап коюуну туура көргөн.
Айтымында, ал бул көрсөтүүгө кадимки эле кастингге катышып, анын жыйынтыгы менен чакыруу алып тартылып калган.
"Мен Санжар Медетов Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу деген айылынан болом, 1993-жылдын 3-июлунда төрөлгөм. 2012-жылдан бери үй-бүлөм менен Орусиянын Москва шаарында эмгектенип жүрөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, мен алардын эң кичүүсүмүн.
Мен азыр тартылып жаткан программаны айылда жүргөндө абдан көп көрчүмүн. Бул берүү соттук иштерди чагылдыргандыктан, анын ар бир процесси кызыктуу өтөт. Бир күндө 15тен кем эмес иш каралат.
Бул программадагы иштердин көбү жашоодон алынат, ал эми аны ойноп берүүгө тартылгандар актёрлор. Кичинемде көргөндө мен аларды өздөрү ойноп жатат дечүмүн, көрсө андай эмес экен. Алар кадимки эле сценарий менен таанышып, алдын ала даярдык көрүп, анан тартылышат. Мен берүүнүн 200дөн ашуун көрсөтүүсүнө тартылдым.
Кызыктуусу программадагы иштерди авторлор атайын өздөрү башкаларга сабак болсун деген максатта келип жазып беришет. Берүүгө Алиса Турова аттуу сот менен бирге тартылып жатам.
Бул ролго Кыргыз өлкөсү, Казакстандан соттун жардамчысы ролуна балдар керек экенин угуп, барып катышкам. Анан 40 баланын арасынан өтүп кеттим. Ал жерде кызыгы жалаң орус кесиптештердин арасында жалгыз мен эле кыргыз баламын.
Бардык окуялар жашоодон алынган, ажырашуу, балдар тууралуу, үй маселеси, ар кандай банктык иштер, ипотека, социалдык коргоо фондундагы иштер жана башка ушул сыяктуулар миңдеп саналат.
Биринчи жолу тартылып баштаганда маңдайыңда отурган орустар, бетиңдин алдында 3-4 камера болгондуктан сүрдөп, көнө албай жүрдүм. Сюжет боюнча мен "прошу всех встать" деп айтам.
Кызыктуусу, кээде үйдө жүргөндө деле эртең менен же кечинде ушинтип айтып алган учурлар болгон", - дейт кубанычы койнуна батпаган мекендешибиз.
Мир телеканалы 1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кол коюусу менен официалдуу түзүлгөн.
Аталган каналга шериктеш өлкөлөр катары Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан эсептелет.


1 |