Автоунаанын ичинде сөзсүз эмнелер болушу керек? Адистин жообу
Кечээ, 13-апрель күнү социалдык тармакта Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашууда унаа өрттөнүп жаткандагы видео тараган. Анда өрттөнүп жаткан унааны бир канча адам өчүрүү үчүн кар ташып чачып жатканын көрүүгө болот.
Ар бир автоунаада өрт өчүрүүчү каражаттар болгондо, балким, ар кандай өрт учурларын бат эле чечип койсо болот беле деген суроо жаралбай койбойт. Унаада сөзсүз эмнелер болушу шарт? Бул тууралуу SUPER.KG порталы айдоочулар профсоюзунун төрагасынын орун басары, борбордогу автомектептердин биринин директору Дүшөналы Токтакуновго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Жолдо жүрүүнүн эрежесинде автотранспорттук каражаттардын бардыгында атайын комплект болушу керек. Ага биринчи жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дарылардын жыйындысы, өрт өчүрүүчү каражат, эскертүү үч бурчтугу деп коёт, эгерде унаа бузулуп кала турган болсо сүзүп кетпеш үчүн атайын ошол белгини коюш керек. Андан кийин унаа жылып кетпеш үчүн атайын таканчык. Эгерде унаа бузулуп оңдой турган болсо ошону коюп алуу керек. Бул төрт элемент транспорттук каражаттардын комплектисинде сөзсүз болушу шарт. Комплект унаада болбосо мыйзам тарабынан атайын бир айып каралган эмес", - деди Токтакунов.
