super.kg logo

17 жаштагы балага тапанча жана бычак такап коркутушкан. Ошто каракчылыкка шектелип 4 жигит кармалды

 

Ош шаарында 17 жаштагы баланы тапанча жана бычак такап коркутуп, тоноого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Навои атындагы сейил багында эс алып жүргөн М.А. аттуу жарандын 15 миң сомдук Samsung Galaxy A10s үлгүсүндөгү телефонун коркутуп тартып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" жана "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Окуя боюнча 12-апрелде жабырлануучунун апасы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип Ош шаарынын 19, 17 жана 18 жаштагы эки тургуну кармалган. Аларды тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү огу жок пневматикалык тапанча, бир даана маки (бычак), Нокия үлгүсүндөгү телефон жана 1 миң 500 сом табылган. Бул буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 17 жаштагы баланын жашы жете элек экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылды", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мойну үзүлгүр, тарбиясы жоктор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: