super.kg logo

Адамдар жок талаада күч колдонобуз деп коркутушкан. Ошто аял уурдоого шектүү жарандар кармалды

 

Ош шаарында адам уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү ички иштер органдарына адам уурдоо жөнүндө арыз түшкөн. Анда 10-апрель күнү болжол менен 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам аял кишини чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берене "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Унаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кетип коркутушканы маалым болгон. Адамдар жок талаада аны күч колдонобуз деп коркутушкан.

Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде шектүү катары Алай районунун 1983-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы Mitsubishi унаасы токтотулган. Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар дагы Кара-Кулжа районунун 1978-жылы туулган тургуну жана Алай районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалган. Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет. Учурда иликтөө уланып жатат", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.04.2021. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бааодыгы доолорго го 2метр 181см 180см
14.04.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тукум баштап күчүңөр аялга жеттиби, милиция байкелер чындап иштеп башташканго
14.04.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышкердин өзүнө караганда, кылмыштуулукка алып келген шарттар менен жигердүү күрөшүү керек. Билимсиздик, сабатсыздык кылмыштын башаты. Коомдо мыйзамдын иштебесе, кылмыштуулук эркин өнүгөт.
14.04.2021. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болуп баратабыз Кыз урдо аял урдо болуп
14.04.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурда мындай окуялар милиция тарабынан жабылып турчу, эми ачык, адилеттуу иштеп баштады! Баары айкын айтылып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: