15-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 15-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +21…+26;
Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +20…+25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…+5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.