super.kg logo

Эртең Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Кайсы көчөлөрдө? (тизме)

 

Жай мезгилине даярдануу максатында Батыш-2 суу алуучу жана шаардык суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу эртең борбордун кээ бир көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт. Жибек Жолу, Манас кең көчөсүнүн бир бөлүгү, Махатма Ганди көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин, Журнальная көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн Күрөңкеев, Мичурин көчөсүнө чейин, Ала-Арча дарыясынын Осташовкская, Москва жана Ден Сяопин көчөлөрү тарап.

"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: