super.kg logo

Далай Лама дүйнөнү эмне үчүн аялдар башкарышы керектигин түшүндүрүп берди

 

Тибеттик буддисттердин лидери Далай-Лама эгерде өкмөт башчыларынын арасында аялдар көп болсо, анда дүйнө коопсуз болот деп эсептейт. Анын себебин ал аялдар табиятынан эркектерге салыштырмалуу боорукер болот деген жүйө менен түшүндүргөн.

"Илимпоздордун айтымында, аялдар табиятынан көбүрөөк боорукер болушат. Ошондуктан бүгүнкү күндө планетада тынчтыкка жетүү үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукердикти жайылтууда өздөрүнө көп милдеттерди алышы керек. Ансыз деле эң мыкты аял лидерлер бар. Дүйнөлүк лидерлердин арасында аялдар көп болсо, биздин дүйнө коопсуз болмок ", - деген Далай Лама.

"Мурунку башкарууда эркектер басымдуулук кылып, ал эми аялдар бир тепкич ылдый болгон. Бирок бул эскирген, артта калган ой жүгүртүү. Аялдарды өзүлөрүн жаман көрүүгө мажбур кылган мындай түшүнүктү өзгөртүү керек. Аны билимге таянуу менен гана оңдой алабыз", - деп кошумчалаган буддалыктардын руханий устаты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.04.2021. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырында кор болгон эркектер гана аялдарды басмырлоого алат.
Албетте, ар бир аял өзүнүн жолун тандап күчтүү, ийгиликтүү жана атактуу боло алат.
Улуу аял ар дайым жашоодон эмнени каалаарын билет жана максатына жетүү үчүн бардыгын жасайт. Өзүнө өзү ишенүү, багытты туура коё билүү, эмгекчилдик, берилгендик жана аялдык сүйкүмдүүлүк - бийиктикке жетүү жолунда ушул эрежелер жардам берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: