super.kg logo

"COVID-19суз саякаттайм" маалыматтык тутумун 2 миңге жакын Кыргыз жараны колдонду

 

Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун "COVID-19суз саякаттайм" долбоорунун маалыматтык тутуму менен Кыргыз Республикасынын 2 миңге жакын жараны колдонду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1 миң 155 адам, Ош шаарында 767 адам.

"COVID-19суз саякаттайм" платформасы COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөлөр ортосундагы жарандардын кыймылын чектөөгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө начарлаган экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемеси колдонуучуга саякат башталганга чейин ишенимдүү лабораторияларда өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгын уюлдук телефондун жардамы аркылуу ыкчам жана жеткиликтүү алууга жана аны долбоорго катышуучу-өлкөлөрдүн көзөмөл түйүндөрүндө жашыл QR-код түрүндө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында "COVID-19суз саякаттайм" маалыматтык тутумунун улуттук жана лабораториялык компоненттери Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун серверлеринде жайгаштырылган.

Маалыматтык тутумга тесттик режимде эки мамлекеттик вирусологиялык лаборатория (Бишкек шарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору) кошулган. Лабораториядагы адистер долбоордун маалыматтык тутуму менен иштөө боюнча окуудан өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тиркеменин адистеринен ковид жок деген маалымат кагазын алгандан кийин, Аэрофлот, с7, Урал, Азимут баардык авиакомпаниялардын рейстеринде без основание учканга болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: