Статистика комитети: "Жашоо минимумунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу өстү"
Жашоо минимумунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 миң 840 сомду түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13 пайызга өстү.
"Быйылкы жылдын биринчи кварталында жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Ош шаарында, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди. Ошол эле учурда өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,2 пайызга), Ош шаарында (15,3 пайызга) жана Бишкек шаарында (13,5 пайызга) белгиленди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.