super.kg logo

Жараксыз унаа номерлери темир катары 11 миллион сомдон ашык каражатка сатылды

 

Бүгүн, 14-апрелде 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган.

"1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды. Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", - деп жазылат билдирүүдө.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
14.04.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ташиев болбогондо жарымынын жарымынын жарымы да чыкпайт эле ташиевтен коркуп кымбаттатып айтып койгонго
14.04.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алюминий азыр 100 сомдун тегереги болуш керек эле, арзан сатылыптыр.
14.04.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде номерлерди жараксыз абалга келтирип койдунарбы же эртен 001 КG номерлер Бишкекте жайнап чыгабы?
15.04.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет кайра колдонуп кылмыш жасаса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: