super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАР": "Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы көчөлөрдө электр жарыгы бир аптадан бери өчүрүлүп жатат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Ал кайрылуусунда Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы көчөлөрдө электр жарыгы бир аптадан бери өчүрүлүп жатканын айтат.

"Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Салиева, Касымбеков, Раззаков жана башка көчөлөрдө күн сайын электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Бир аптадан бери эртең менен саат 08:00дөн баштап кечки саат 17:00-18:00гө чейин өчүрүлүп жатат. Дагы канча өчүрүлөт? Эмне үчүн өчүрүп жатышат?", - деп кайрылган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: