Бишкекте мыйзамсыз соода-сатыкка каршы рейд жүрдү





Бишкектин Свердлов акимиатынын кызматкерлери райондук ички иштер башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте “Ак-Эммир”, “Аламүдүн”, “Улар” базарларында жана базарларга жанаша жайгашкан көчөлөрдө, ошондой эле ЦУМ соода борборунун айланасында рейд өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар бир ишкер менен жекече түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баш аламан соода-сатыкка жол бербөө үчүн билдирүүлөр берилди.
"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону суранат. Мындай азыктардын коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик бере албайт. Сураныч, жол жээгиндеги азыктарды сатып албаңыздар, бул ден соолугуңузга кооптуу", - деп жазылган маалыматта.
Маалымдама: 120-берене. Автоунаа жолдору үчүн жолду коргоо эрежелерин бузуу. Жер тилкесин айдоо, көчөттөрдү кыюу же бузуу, жерди казуу, кирүүчү жолдорду уруксатсыз куруу же бөлүнүүчү тилкени бузуу, агынды сууларды, өндүрүштүк, мелиоративдик жана саркынды сууларды дренаждык курулмаларга жана автоунаа жолунун коругуна агызуу, соода, тейлөө түйүндөрүнүн же жарнак такталарынын, паннолордун, плакаттардын, баннерлердин, көрнөк-жарнактардын, белгилердин, тиешелүү органдардын макулдугусуз жолдо, көчөдө, курулушта же уюмда тоскоолдуктардын жаратышы 2-категориядагы айып пулга алып келет: жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.
