Жалал-Абадда мектеп жана бакчалардагы балдарга берилүүчү ысык тамак текшерилди





Жалал-Абад шаарындагы мектеп жана бала бакчалардагы балдарга берилүүчү ысык тамак текшерилди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, вице-мэр Руслан Алтымышев баштаган тийиштүү тармактардан куралган комиссия билим берүү мекемелериндеги шашке чай жана ысык тамактарын, ашканаларынын абалын билүү максатында рейдге чыгышты.
"Калаадагы төрт мектепте окуучуларга бир маал ысык тамак берилет. Калган мектептер шашке чай менен камсыз болушкан. Рейд учурунда текшерүүгө алынган мектептерде талаптарды сактоо менен өз убагында тамак берилип жатканы белгилүү болду.
Ал эми бала бакчаларда да тамак-аш маселесинде одоно кемчилик байкалган жок. Айрым бала бакчаларда азыктарды туура эмес шартта сакталып жатканына эскертүүлөр берилди. Рейд алдыңкы күндөрү да улантылат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
