Маданият министринин Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Ага ылайык, жылуу маанайда өткөн жолугушууда бир тууган-боордош улуттардын орток баалуулуктарын даңазалоо, аны жайылтуу, өнүккөн коомдун жаш өкүлдөрүнө көөнөрбөс мурастарды таанытып, бирдиктүү келечекке бирге кадам таштоо сындуу приоритеттүү маселелер көтөрүлдү.
"Улуттар ортосундагы мамиледе алтын көпүрө аталган маданият тармагынын таасири зор экендиги тууралуу ынанымдуу ойлор айтылды. Анын ичинде адабият, театр, кино сыяктуу өнөр жаатына өзгөчө басым жасалып, бул багытта биргелешкен долбоорлор жаралышы керек деген орчундуу пикирлерин Кайрат Иманалиев ортого салып, даңазалуу Курманжан датканын 210 жылдыгын, Касым Тыныстанов менен Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш-чараларды Түркияда өткөрүү маселесин талкуулады", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз өлкөсү-Түркия ортосундагы маданий тыгыз байланыш башка бардык багыттардын ак жолтой ачкычы болорун Йалчын Топчу ишенимдүү айтып, өз кезегинде айтылган сунуштар эки тараптуу колдоо таап, жакынкы арада тармак өкүлдөрү үчүн пикир алмашууга атайын аянтча аныкталары бекемделди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.