super.kg logo

Былтыркы жылы экономиканын финансы секторунда 642 уюм иш жүргүздү

 

Былтыркы жылы экономиканын финансы секторунда 642 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 600 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд ишин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Өткөн жылдын ичинде экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көбөйүү менен 53 миллиарддан ашык сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдарына токтолсок, 2020-жылы алар 39 миллиард сомду түздү жана 13,4 пайызга өстү.

Жылдын жыйынтыгы боюнча, экономиканын финансы секторунда сальдолоштурулган финансылык оң жыйынтык 14,1 миллиард сом суммасында пайда алынды, бул 2019-жылга караганда 1,6 эсе көп. Пайданын өсүшү, чет өлкөлүк валюталар жана кымбат металлдар менен болгон операциялар жана кайра баалоо боюнча он курстук айырмачылыктардан банктык сектордун кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган. Пайданын негизги көлөмү банктар (финансылык секторунун жалпы суммардык көлөмүнүн 78,2 пайыз) жана микрокредиттик уюмдар (18,2 пайыз) тарабынан алынды.

2020-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 62 пайыздан көбүн түздү, ал эми 19 пайызга жакын уюм чыгаша алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: