super.kg logo

Ирактан келген балдар документтери даяр болору менен туугандарына берилери айтылды

 

Ирактан кайтып келген балдардын документтерин калыбына келтирүү жана үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барылууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова эл аралык "Кызыл крест" комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда экендигин билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, мекемелер аралык жумушчу топ тарабынан Кыргыз жарандарынын репатриацияланган жашы жете элек балдарын реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгы, ага ылайык тиешелүү психологиялык, социалдык жана медициналык кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгы айтылган.

Мындан тышкары балдар үчүн маданий иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгы айтылды, бул ачык цирк, куурчак театры, концерттер, интерактивдүү оюндар жана сынактарды уюштуруу. Жалпысынан балдардын моралдык-психологиялык абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

"Документтердин процедурасы аяктагандан кийин, балдар туугандарына өткөрүлүп берилет", - деди Солтонбекова.

Эл аралык "Кызыл крест" уюмунун Коргоо департаментинин координаторунун орун басары Елена Эсану балдарды жакындарынын көзөмөлүнө эрте жайгаштыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюм бул маселе боюнча мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Эске салсак, "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан 79 кыргыз бала мекенине кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: