Өлкөдө 17 камсыздандыруу компаниясы иш алып бара турганы айтылды
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында баяндама жасаган Финансы рыногун жөнго салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев мыйзам долбоору террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга байланышкан тобокелдиктерди азайтууга багытталганын белгилеп, бул жаатта жети мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Пархат Тулендыбаев Кыргыз мамлекетиндеги камсыздандыруу компанияларындагы чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын үлүшү тууралуу сурады.
Өз кезегинде Арзыбек Кожошев: "Кыргыз өлкөсүндө17 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. Анын төртөө чет өлкөлүк капиталдын негизинде иш алып барат. Алардын үчөө 100 пайыздык, бирөө 50 пайыздан ашуун үлүшкө ээ", - деди.
Талкуудан соң мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.


