Бишкекте түн ичинде эркек киши көпүрөдөн кулап түштү




Бишкекте түн ичинде эркек киши көпүрөдөн кулап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар жабыркаган адамга жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Маалым болгондой, куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө Токомбаев жана Сухэ Батыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн эркек киши кулап түшкөнү тууралуу билдирүү күбөлөр тарабынан келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, жабыркаган жаранды алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Жабырлануучунун жашы болжол менен 40-45 чамасында, аты-жөнү такталган жок", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.