Пригородное айылына Чүй ОИИББинин жетекчилиги жана кызматкерлери жөнөп кетишти

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылына Чүй ОИИББинин жетекчилиги жана кызматкерлери жөнөп кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү аталган окуя боюнча билдирүү келип түшкөн.
"Учурда Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту сактоо иш-аракеттерин жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин аталган айыл өкмөттүн имаратына 15ге чукул аял кирип алып, өздөрүн өрттөйбүз деп даярдана башташкан. Алар насыяларын төлөй албай жатышканын жана үстөк пайызды 3 пайызга түшүрүү маселеси менен чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.