super.kg logo

Издөө салынат! Ысык-Көлдө 53 жаштагы Кубатбек Асамудинов изделүүдө

 

Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын 53 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал март айында үйүнөн чыгып кеткен, ошондон бери кабар жок.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына жазуу түрүндөгү арыз менен Бостери айылынын 57 жаштагы тургуну А.С. бир тууганы Корумду айылынын 53 жаштагы тургуну Кубатбек Асамудиновду издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал ушул жылдын 22-мартында эч кимге эскертүүсүз үйүнөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Бул факты Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы жана көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай. Ичкиликке берилип кетүүгө жакын.

Милиция Асамудинов Кубатбек Бурганаковичтин жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан 102, 0703 33-21-66, (03943) 4-39-80 телефондору же Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: