Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жаштагы Рамзан Айткуловду издөө ишин өкмөттүн өкүлү көзөмөлдөөдө







Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жаштагы баланы издөө иштерин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты.
Бүгүнкү күндө Рамзан Айткуловду издөө иштери Талас дарыясынын жээгинде жана токойдо улантылууда.
Талас ОИИБи жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо милицияга кабарлап коюуңуздарды суранат.
Байланыш номерлери: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.