super.kg logo

Ак Үйдүн алдында Ысык-Көлдө казино ачуу демилгесине каршы митинг өтүүдө

 

Ак Үйдүн алдында Ысык-Көлдө казино ачуу демилгесине каршы нааразычылык акциясы өтүүдө.

Митингдин катышуучулары "көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "ыйык айда ыплас мыйзамга бөгөт" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлгө туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район куруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Ага ылайык, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, облустун аймагына чет жактан келген туристтер үчүн казино курууга уруксат берилет. Бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: