super.kg logo

Пригородное айылындагы нааразычылыкка чыккан аялдарга Улуттук банктын өкүлү барды

 

Пригородное айылындагы нааразычылыкка чыккан аялдарга Улуттук банктын өкүлү Мирлан Матмусаев барды.

"Биз Улуттук банк бул жерге чогулуп жаткан элдин көйгөйүн укканбыз. Бул эжелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Жеке компаниялардан алгандар да көп болгондуктан, биз алар менен сүйлөшүп, атайын аянтча түзүп берүү үчүн чараларды көрүүдөбүз. Жеке банктар болгону үчүн ар бири менен жеке сүйлөшүүгө туура келет, юридикалык жактан болсо дагы жардам көрсөтөлү деп аракет кылып жатабыз",- деп билдирди Матмусаев.

Сыртта тургандар тарай башташты. Ичиндегилер менен жетекчилик сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат.

ӨКМ, милиция кызматкерлеринин айтымында, ичиндеги аялдарды качан алып чыгаары белгисиз.

"Сүйлөшүп бүтүп бизге буйрук берсе эле алып чыгабыз" деп билдиришти укук коргоо органдарынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: