Бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгын чыгарды
Мамлекеттик бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн ушул жылдын 1-кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрү тарабынан 768 укук бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен:
- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 693 факты катталып, козголгон иштер боюнча 2 миллион 900 миң сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 13 миллион 700 миң сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факты катталган жана 33 миллион 600 миң сом суммасында келтирилген зыяндын орду өндүрүлгөн.
Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 миллион 300 миң сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.
2021-жылдын 1-кварталындагы иштин жыйынтыгы боюнча, бюджетке кошумча түшүрүлөрдүн суммасы 76 миллион 400 миң сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 58 пайызга жогорулаган, эгерде өткөн жылы 486 бузуу фактысы аныкталса, отчёттук мезгилде бул көрсөткүч 768 фактыны түзгөн.
Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 52,7 пайызга же 26 миллион 400 миң сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-кварталында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 49 миллион 900 миң сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 76 миллион 400 миң сомду түзгөн.


