Депутат жарандарды шайлоого барууга милдеттендирүүнү сунуштады
Депутат Улугбек Садиков жарандарды шайлоого барууга милдеттендирүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Шайлоого көп каражат жумшалууда. Акыркы убактардагы шайлоолордо элдин келүүсү өтө аз пайыз. Шайлоону милдет жана укук кылып бөлөлү. Шайлоого баруу милдет болуш керек. Акчаны ысырап кылып, коррупцияга дагы жол берип жатабыз. Элди шайлоого алып келүү үчүн атайын акча төлөп ташып жатышат. Ушул сунушту эске алуу керек", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
-1

