Бишкекте 9 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды
Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда Бишкектеги 9 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканыбызда билдирди.
"Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 10-11-апрелде өзүнүн отурумунда сырттагы добуш берүү процессинде болгон бузуу фактыларынын негизинде, 7 шайлоо тилкесинде көчмө урнанын жыйынтыгын жокко чыгарды. Андан тышкары участкалык шайлоо комиссияларынын чечими менен 2 көчмө урна жокко чыгарылган, жалпы 9 көчмө урна жокко чыгарылды", - деди Маматов.
Бишкек шаардык кеңешине 25 партия катышып, 6 партия алдын ала эсеп боюнча, 7 пайыздык чектен өткөн. Расмий жыйынтык бюлеттендерди кол менен эсептеп чыккандан кийин чыгарылат.


