super.kg logo

Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун отурумуна катышты

 

Кечээ, 14-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев Орусиянын Коргоо министрлигинин “Патриот Экспо” конгресстик-көргөзмө борборунда Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча аскер комитеттеринин 18-отурумуна катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара Кыргыз өлкөсү, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары, ЖККУнун Бириккен штабынын жана баш катчысынын орун басарынын катышуусунда өттү.

Аскер комитетинин мүчөлөрү ЖККУнун ишмердүүлүгүн аскер чөйрөсүндөгү приоритеттүү багыттары менен таанышып, ЖККУнун жооптуу зоналарындагы аскердик коркунучтарды жана чакырыктарды талкуулашты. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун күч системин калыптоо жана биргелешкен башкаруу органын даярдоо боюнча иш-чараларын талкуулашты. Отурумдун жүрүшүндө кризиске жооп кылуу борборунун ишмердүүлүгүн жана радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу менен ЖККУнун медициналык камсыздоосунун бөлүкчөлөрүн түзүү боюнча маселеси каралды.

Отурумдун катышуучулары Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жуков ордендүү жалпы аскердик академиясынын жана Краснодардагы жогорку аскердик окуу жайдын ЖККУнун тынчтыкты сактоо персоналын даярдоо боюнча окуу-методикалык базасы менен таанышып, ЖККУ мүчө-мамлекеттерине маалыматтык коопсуздук боюнча аскер кадрларды даярдоо жөнүндө маалыматтарын угушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: