super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы менен байланышты өнүктүрүү маселеси тууралуу сүйлөшүштү

 

Бүгүн, 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда боордош эки мамлекеттин байланыштарынын келечеги, анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Талант Мамытов менен Сахиба Гафарова соода-экономикалык байланыштарда жылыштар бар экенин белгилешип, бирок эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мүмкүнчүлүктөргө карабай төмөн экендигин кошумчалашты.

Андан тышкары боордош эки элдин мамилесин чыңдоого өбөлгө болчу парламенттер аралык өнөктөштүктү да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: