super.kg logo

Таласта убактылуу кармоочу жайдагы келин 5 айлык баласын эмизбей калып, дарыланууга муктаж болууда

 

Талас облусунун Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайда отурган келин 1 жарым айдан бери эмчектеги баласын эмизе албай келет. Мындан улам ал Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна даттанган. Бул туурасында аталган борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдраимов тарабынан белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, 14-апрелде Нурлан Абдраимов Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайга барганда Х.М. аттуу келин арызданган.

"Келиндин айтымында, кармалган учурда анын жакындары баласын 1 ай бою убактылуу кармоочу жайга алып келип турушкан. Бирок туугандарынын баланы күн сайын алып келүүгө материалдык мүмкүнчүлүктөрү болбой калган. Кийинчерээк келиндин көкүрөгү ооруй баштаган.

Ал саламаттыгы туурасында убактылуу кармоочу жайдын администрациясына кайрылган эмес, ал эркектерге айтуудан тартынган.

"Кылмышка шектелип жана айыпталып камакка алынган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамга ылайык, шектелип жана айыпталып жаткан аялдар жанына 3 жашка чейинки баласын алууга укуктуу деп айтылат.

Бирок шектүү делинип отурган келин мыйзамдуу мүмкүнчүлүгүнөн, тагыраагы эмизүү жана бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Натыйжада ал азыр лактостаздан улам дарыланууга муктаж. Учурда бул боюнча мыйзам бузуу актысы түзүлүп, прокуратурага кайрылуу жөнөтүлдү", - деп билдирди өкүл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.04.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай адамга куйбогон милиция кызматкерлери
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: