super.kg logo

Жогорку Кеңеште дагы 9 өлкөнүн жарандарын Кыргыз өлкөсүнө визасыз киргизүү демилгеленди

 

15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгиледи. "60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда", - деди. Алар Албания Республикасы, Болгария Республикасы, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль мамлекети, Кипр Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Румыния Республикасы, Таиланд Королдугу, Мексикалык кошмо штаттары.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров тогуз мамлекет кайсы критерийдин негизинде тандалганын сурады.

Өкмөт өкүлү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү максатында гана тандалганын жүйө келтирди.

Өз кезегинде Төрөбай Зулпукаров мындай критерий болбош керектигин белгиледи. "Экономикалык абалын, соода катнаштарыбызды эске алуу менен жеңилдик берилиш керек болчу. Алсак Вьетнам өлкөсү менен алакаларыбыз анчалык деңгээлде эмес", - деди.

Ушундай эле пикирди айткан депутаттар Чынара Урумкалиева менен Махабат Мавлянова Албания, Вьетнам өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын көлөмү да төмөндүгүн жүйө келтиришип, буга ылайык ал жактан туристтер келерине ишеним аз экенине токтолушту.

"Туризмди өнүктүрөлү десек, бай мамлекеттердин жарандарына жеңилдик берүүгө басым жасашыбыз зарыл", - деди Махабат Мавлянова.

Ал эми депутат Дастан Бекешев башка өлкөлөргө да визасыз киргенге уруксат берүү керектигин билдирип, мыйзам долбоорун колдоорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: