Бишкекте үч айда жол эрежесин бузуу боюнча 26 миллион сом айып пул өндүрүлдү
Бишкек шаарында 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп болгон.
Алардын ичинен:
- Айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документи жок унаа башкаруу - 1074;
- Мас болуп унаа айдоо - 923;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатуу - 183;
- Тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорттук каражатты башкаруу - 95;
- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча - 1164 ;
- Авто ээнбаштык - 15;
- Башка жол эрежесин бузуулар - 84 миң 845.
"Ошондой эле 6 миң 225 унаа ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду. Ушул жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 миллион 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 миллион 487 миң 430 сом өндүрүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.