super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы "COVID-19 пандемиясынын шартындагы глобалдык чакырыктар жана коркунучтар" деген конференцияга катышты

 

15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында өткөн "COVID-19 пандемиясынын шартындагы глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зордук-зомбулук экстремизми" аталышындагы эл аралык парламенттик конференцияга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Конференцияда сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык коркунучтун жана аймактык коопсуздуктун негизи катары олуттуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Ошондой эле төрага Ирак, Шам ислам мамлекети уюмунун жана башка радикалдык топтордун идеологиясынын жайылуусуна, террордук уюмдарга жарандардын тартылуусуна, Ооганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалга карата Кыргыз мамлекетинин кооптонуусу тууралуу сөз кылды.

"Биз терроризм менен экстремизмге бөгөт коюп, аларга байланышкан жараяндарга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды жана куралдарды сатууга, акчалардын изин жашырууга, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы биргелешип күрөшүүбүз кажет", - деди Талант Мамытов.

Сөзүнүн соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы конференциянын катышуучуларына Ирак Республикасынан өмүрү жана саламаттыгы коркунучта калган балдарды куткарып, Кыргыз Республикасына кайтаруу боюнча иш алып барган "Мээрим" гуманитардык миссиясы тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: