super.kg logo

Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумда кеңештин мүчөлөрү 2021-жылдын 16-апрелинде өтө турган КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин 52-пленардык жыйынынын күн тартибинин долбоорун талкуулашты.

Күн тартибиндеги негизги маселе шериктеш өлкөлөрдөгү шайлоолорго жана референдумга байкоо салууну уюштуруу тууралуу болуп, анын ичинен Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого, башкаруу формасын аныктоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдарга аталган ассамблеясынын эл аралык байкоочулардын катышуусуна байланышкан маалыматтар айтылды.

Тагыраагы, КМШ ПААнын байкоочулары Кыргыз Республикасында өткөн добуш берүү жараяндары улуттук мыйзамдарга жана демократиялуу шайлоолорду өткөрүү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келгендигин белгилеген корутундуга келишти.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов шайлоо өнөктүктөрүнө жигердүү байкоо салганы үчүн КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин эл аралык байкоочуларына ыраазычылык билдирди. Парламенттер аралык ассамблеянын бул жааттагы тажрыйбасынын маанилүү экенине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: