Насыясын төлөй албай, өздөрүн өрттөйм деген аялдардын окуясына байланыштуу маалымат жыйын өтүүдө
Кечээ, 15-апрелде бир нече аял насыяларды жокко чыгарууну, деги эле Кыргыз өлкөсүндө насыяны жоюуну талап кылып нааразы болуп чыгышкан. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял айыл өкмөтүнүн имаратына кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Буга байланыштуу бүгүн, 16-апрелде пандемиянын кесепетинен насыясын төлөй албай калган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте маалымат жыйын өтүүдө. Ага Борбордук казына башчысынын орун басары Нукеш Кожобергенов, Улан Жапаров, бюджеттик пландоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Улуттук банктын тобокелдикти аныктоого багытталган системинин бөлүм башчысы Ильичбек Султанкулов жана кредиттик тармакты башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жамал Жумагулова катышты.
"Өзүңүздөр билгендей, кечээки насыялар маселеси боюнча өкмөттүн тапшырмасы менен Улуттук банк, каржы министри болуп иштеп жатабыз. Пандемияга байланыштуу карыз алып, төлөй албай жаткан жарандарга карата токтом кабыл алынган, анда 100 миң сомдон ашык алгандардын кошумча төлөмдөрүнө жеңилдиктер берилген. Буга байланыштуу мамлекеттен атайын акча каражат бөлүнүп берилген. Ага Финансы министрлиги тарабынан иш жүзүндө 734 миллион 400 миң сом которулган", - деп билдирди Улан Жапаров.


