super.kg logo

Улуттук банк: "Насыя алуучулардын маселеси чечилип жатат"

 

Кечээ, 15-апрелде бир нече аял насыяларды жокко чыгарууну, деги эле Кыргыз өлкөсүндө насыяны жоюуну талап кылып нааразы болуп чыгышкан.

Өз жандарын кыябыз деген аялдардын маселесине байланыштуу бүгүн маалымат жыйын өтүүдө. Ага Улуттук банктын тобокелдикти аныктоого багытталган системинин бөлүм башчысы Ильичбек Султанкулов катышып, төмөнкүлөрдү билдирди.

"100 миң сомдон ашык суммада насыя алгандарга берилген жеңилдиктер боюнча өлкө боюнча маалыматтар алынып, тийиштүү мекемелерге жиберилген. Учурда алар каралып жатат. Ал эми кечээки маселе боюнча мисалы, жеке кредиттик компаниялардын насыялардын үстөк пайызын жоюу, дегеле насыяны жоюу бул мүмкүн эмес. Мамлекеттик банктар боюнча маселе каралат деп кечээ биздин өкүл билдирди да. Ар бир жеке компаниянын өзүнүн максаттары бар, аларга барып биз кыскарт десек элдин баары келип алат да туурабы", - деп билдирди Ильичбек Султанкулов.

"Кечээ биздин банктын өкүлү Пригородное айылында болду. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Демек, алгачкы кадамдар биз тараптан башталды. Жыйынтыктар тууралуу дагы маалымат берип турабыз", - деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: