Министрлик: "Карантин азырынча киргизилбейт"
Кечээ, 15-апрель күнү президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирусту 2-3 күндө айыктыра турган ыкма табышкандыгын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдардын сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видеосу тиркелген. Видео жана маалымат азыркы тапта интернет айдыңында кызуу талкууланууда. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча үн ката элек болчу.
Мындан улам айтылган пикирлерге байланыштуу бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Жыйында ал уу коргошун кооптуу эмес экенин жана бул мурунтан эле колдонулуп келген ыкма экенин айтты.
"Баары билет шайлоо өттү, андан кийин коронавирус көбөйүп баштады. Анткени адамдар көп жерде чогулуп жатты. Азыр коронавирус күчөп баратат. Азыркы кезде көбү ооруп жатат жана мурунку ооругандар кайра ооруп калды. Кызыл аймакка өзүм кирип сурасам, алар оорубайбыз дешкен экен. Азыр катуу ооруп жатышат. Биз өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөштүк, карантин киргизе албайбыз. Анткени экономикабызга зыян. Ошол себептен карантин азыр кирбейт. Азыр өлкө аймагында эмдөө жүрүп жатат. Эмне үчүн биз азыркы кезде аз эмдөө кылып жатканыбызга журналисттер эмдөөнү туура эмес түшүндүргөндүгүндө. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин эмөөдөн каза болду деп туура эмес жеткиришти", - деди министр.


