super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын медалы менен сыйланды

 

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйындарынын алкагында, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул сыйлык парламентаризмди, моделдик жана улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө, демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө, КМШ мамлекеттеринин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоого кошкон салымы үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттарына, мамлекеттик-коомдук ишмерлерине жана жарандарына, кызмат адамдарына жана тиешелүү органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарда кызмат кылгандарга тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: