Министр: "Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго элге уу коргошунду берсек, оору токтойт деп кат жазган"
Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Ал өлкө аймагында коронавирус күндөн-күнгө жайылып жатканы жана уу коргошун өсүмдүгүн колдонуу зыян бербестигин айтты.
"Садыр Жапаров ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго элге уу коргошунду берсек, оору токтойт деп кат жазган. Бирок Жээнбеков ал катты окуп да койгон эмес. Андан кийин Жапаров мага кайрылды, мен ал кезде дарыгер болуп иштечүмүн. Анан туугандарыма бердим, алар айыкты. Азыр башталганда кайра президентке кайрылдым. Анткени анын атасы Нуркожо ата көп жылдан бери ашказандагы ракты жана башка ооруларды дарылап келген жана аны баласына үйрөтүп кетиптир. Мисалы 100 литр сууга канча кошуу керек экенин берип жатат. Биз аны бөтөлкөгө куюп жеткирип жаттык", - деди министр.






1 |